КӨРК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бирөөнүн же бир нерсенин жакшынакай, кооз көрүнүшү; сымбат, көркөмдүк, сулуулук. Кыздын жакшынакай көркүнө кайра-кайра карагым келди («Ала-Тоо»). Көркүнө чыга жайнаган, Жылжып аккан суусу бар (Казыбек). Арыктын боюндагы чоң мектепке шактын көркү көрк кошконсуйт. Жайылтып малын айдаса, Элдин көркү жеринде (Жантөшев). Дарактын көркү гүл менен, Мөмөнүн көркү бүр менен (Үсөнбаев). 2. Бирөөнүн же бир нерсенин сырткы көрүнүшү, кебете-кешпири, түрү. Көркүнө душман даай алгыдай эмес. Көркүн адам карагыдай эмес.